Маанилүүлүк. Бул макалада Фергана өрөөнүнүн түштүк-батыш аймагындагы кыргыздардын флораны дары катары таанып-билүүсү, анын ичинде күчала чөбүн адамдарды дарылоодо колдонулган элдик ыкмалары байыркы мезгилге таандык экендигин далилдеген маалыматтар белгиленди. Ошондой эле, жергиликтүү элдин табияттын дарылык каражаттарынын касиеттери өсүмдүктөрдүн ар кайсы бөлүктөрүндө ар түрдүү өлчөмдө кездешерин, кээ бир бөлүктөрүндө такыр эле жок болорун аңдап билишкендиги жөнүндө автор тарабынан жыйналган талаа материалдарынын негизинде берилди.