Бул жумушта изилдѳѳнүн предмети болуп сингулярдуу козголгон бир тектүү эмес алсыз сызыктуу дифференциалдык теӊдемелер эсептелинет. Изилдѳѳнүн максаты сингулярдуу козголгон бир тектүү эмес алсыз сызыктуу дифференциалдык теӊдеме чечимин асимптотикасын тургузуу болуп эсептелинет. Чечимдин асимптотикасын тургузууда классикалык асимптотикалык усул – козголуулар усулунан пайдаланылды. Анын жардамында сызыктуу жана сызыктуу эмес дифференциалдык теӊдемелердин, жекече туундулуу дифференциалдык теӊдемелердин чечимин тургузуу салыштырмалуу оӊой. Макалада теӊдемеси каралып, мааниси болгон учурда дифференциалдык теӊдеме алсыз сызыктуу кадимки дифферециалдык теңдеме болот. Теӊдемеде кичине параметрден аналитикалык түрүндѳ кѳз каранды болгону үчүн, анын чечими да кичине параметр боюнча аналитикалык функция болот. Башкача айтканда калдык мүчѳсү бар Тейлордун катарына ажырайт. Козголуу методунун классикалык теориясына Анри Пуанкаре чоӊ салым кошуп, алгычкы аныктаманы берген. Сингулярдуу козголгон теӊдеменин чечимин асимптотикасын тургузуу колдонмо изилдѳѳлѳрдѳ чоӊ мааниге ээ болуп, алар физика, техника, суюктуктар жана газдар механикасы кѳп изилденет.
scite is a Brooklyn-based organization that helps researchers better discover and understand research articles through Smart Citations–citations that display the context of the citation and describe whether the article provides supporting or contrasting evidence. scite is used by students and researchers from around the world and is funded in part by the National Science Foundation and the National Institute on Drug Abuse of the National Institutes of Health.
customersupport@researchsolutions.com
10624 S. Eastern Ave., Ste. A-614
Henderson, NV 89052, USA
This site is protected by reCAPTCHA and the Google Privacy Policy and Terms of Service apply.
Copyright © 2025 scite LLC. All rights reserved.
Made with 💙 for researchers
Part of the Research Solutions Family.